Кыргызстандык жөө күлүктөр Азия чемпионатында алтын жана күмүш медаль утту 

Кыргызстандык жөө күлүктөр Нурсултан Кеңешбеков жана Айнуска Калил кызы Азия чемпионатында байгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу КР Жеңил атлетика федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жеңил атлетика боюнча Азия чемпионаты 17-февралдан 20-февралга чейин Ирандын Тегеран шаарында өтүп жатат.

Нурсултан Кеңешбеков 1500 м аралыкты 3:49.10 секунд убакытта чуркап өтүп алтын медалга ээ болду. Ошондой эле, кыз-келиндер арасында катышып жаткан Айнуска Калил кызы 1500 м аралыкты 4:35:29 секунд убакытта басып өтүп 2-орунду ээледи.

Мелдешке Кыргызстандын атынан Айнуска Калил кызы (1500-3000 м), Мария Коробицкая (3000 м), Нурсултан Кеңешбеков (1500-3000 м), Майсал Макумбек уулу (800 м) жана Самат Казакбаевдер катышууда (1500-3000 м).

Курама команда башкы машыктыруучу Татьяна Борисованын жетекчилиги алдында мелдешке катышууда.

19 Февраль 2024 жыл 11:15
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча