Кыргызстандыктар жаңы жылда катары менен 7 күн эс алат

Кыргызстандыктар Жаңы жыл майрамына карата жети күн, тагыраагы, 1-7-январда эс алышы мүмкүн.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги бул боюнча токтом долбоорун даярдаган.

Төмөнкү күндөр жылышы мүмкүн:
2-январдын ордуна 11-январь иш күнү болот (ишемби);
3-январдын ордуна 24-февраль иш күнү болот (дүйшөмбү);
6-январдын ордуна 10-март иш күнү болот (дүйшөмбү).

Түшүндүрмө: Ата Мекенди коргоочулар күнү — 23-февраль жекшембиге, ал эми Аялдарын эл аралык майрамы — 8-март ишембиге туш келгендиктен 24-февраль менен 10-март эс алуу күнү болушу керек болчу.

14 Ноябрь 2024 жыл 12:00
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча