Кыргызстандын футболчулары Вьетнамдын командасы менен ойнойт

Бүгүн, 9-январда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Азия Кубогунун алдындагы финалдык жолдоштук беттешин өткөрөт.

Улуттук курама команда Вьетнамдын командасы менен ойнойт.

Беттеш Катардын Доха шаарында Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө башталат. Оюн жабык форматта өтүп, түз эфирде көрсөтүлбөй турганы буга чейин кабарланган.

9 Январь 2024 жыл 13:01

Тема боюнча