Кыргызстандын футбол боюнча кубогун финалда Кант шаарынын «Абдыш-Ата» командасын 3:2 эсеби менен уткан Жалал-Абад шаарынын «Мурас Юнайтед» командасы жеңди.
Мелдеш күн мурун, 15-сентябда Жалал-Абад шаарындагы «Курманбек» стадионунда өттү.
Сыйлоо аземине Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков катышып, «Мурас Юнайтеддин» оюнчуларына медалдарды тагып, жеңиши менен куттуктады.
Спорттук иш-чарада белгилүү эстрада жылдыздары тарабынан концерттик программа тартууланды.