Кыргызстандын пара дзюдо курамасы Астанада өткөн мелдеште 3 медаль жеңди 

Кыргызстандын пара дзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Казакстандын Астана шаарында өткөн “Дүйнө Гран-При” эл аралык мелдешинде 3 медаль жеңди.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, анын ичинен бирөө алтын, экөө коло медаль.

Кыз-келиндер арасында 46 кг Фердауза Убакирова өз салмагында Эл аралык мелдештин жеңүүчүсү аталды. Ал эми Надежда Рак (60 кг) жана Улукбек Марсбек уулу (64 кг) коло медалга ээ болушту.

Курама команда башкы машыктыруучу Канатбек Имияновдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

25 Ноябрь 2024 жыл 9:23
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча