Бүгүн транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Алмаз Тургунбаев жана Кытай темир жолдор корпорациясынын башкармалыгынын мүчөсү Ван Цзиньси баштаган өкүлдөр менен жолукту.
Ведомстводон маалымдашкандай, тараптар Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол долбоорунун ишке ашырылышынын жүрүшүн талкуулап, долбоор учурда активдүү курулуш этабына өткөнүн белгилешти.
Жолугушууда долбоор боюнча негизги эл аралык жана инвестициялык келишимдер түзүлүп, башкы подрядчы аныкталганы, каржылык маселелер чечилип, учурда тоннелдерди, көпүрөлөрдү куруу жана башка инфраструктуралык иштер жүргүзүлүп жатканы айтылды.
«Кыргыз тарап долбоорду ишке ашырууда жергиликтүү жумушчу күчүн тартууга, курулуш материалдарын жана жабдууларын ата мекендик өндүрүүчүлөрдөн алууга, ошондой эле экологиялык талаптарды жана тарыхый-маданий мурастарды коргоо чараларын так сактоого өзгөчө көңүл бурду», — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле курулуш иштеринде ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу маселелеринин маанилүүлүгү белгиленди.
Соңунда тараптар темир жолду өз мөөнөтүндө ишке киргизүү үчүн курулуш иштеринин темпин мындан ары да тездетүү боюнча биргелешкен ишти улантууга даяр экенин билдиришти.
Аталган долбоор Кыргызстандын транспорттук-логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, жаңы экономикалык байланыштарды түзүүгө жана өлкөнүн транзиттик потенциалын жогорулатууга багытталган маанилүү кадам болуп саналат.