Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу кызуу жүрүүдө

Жалал-Абад облусунун аймагында Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Жакында президенттин өкүлү Тилек Текебаев облус аймагында жүрүп жаткан ири инфраструктуралык долбоорлордун жүрүшү менен таанышуу учурунда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулуш аймактарына барды.

Анда облус башчысы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана кытайлык курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолугушту. Ал Жалал-Абад шаарынын Эшме жана Төш-Кутчу участокторунда, ошондой эле Сузак районун Калма – Кырчын тилкелеринде аткарылып жаткан иштерди көрүп чыкты.

Мындан тышкары, Текебаев Сузак районундагы 380 гектардан ашык аянтта курулуп жаткан «Жалал-Абад» эл аралык аэропортунун курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Облус башчысы бул объекттердин аймак үчүн экономикалык жана социалдык маанисин баса белгилеп, курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

1 Август 2025 жыл 11:49
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча