
Бүгүн Кытай Эл Республикасынын Кызылсу-Кыргыз автономдуу округундагы Улугчат шаарында Кыргызстандын ири көзөмөл кампасынын ачылыш аземи өттү.
Ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, ”Бай-Дыйкан”компаниясынын негиздөөчүсү Эрлист Акунбеков, Хэцзэ шаарынын мэри Турсун Нияз, Кытайдын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Кыргызстандын Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын өкүлдөрү катышты.
Иш-чараны оболу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев ачып, долбоор регионалдык экономиканы, социалдык туруктуулукту, айыл чарбасын модернизациялоону жана Борбордук Азия менен Кытайдын ортосундагы соода байланыштарын бекемдөөдө стратегиялык мааниге ээ экенин белгиледи.
“Аталган ири кампа товарларды ташуу чыгымдарын азайтууга,бажы жол-жоболорун тездетүүгө, өнүмдөрдү сактоо жана бөлүштүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, өлкөлөр ортосунда туруктуу соода каналдарын камсыз кылууга көмөк көрсөтөт”,-деди министр.
Белгилей кетсек, кампанын жалпы аянты 13 гектарды түзүп, учурда анын 7,6 гектары толук ишке берилди. Көзөмөл кампаны Кыргызстандын “Бай Дыйкан” компаниясы Кытайдын мамлекеттик корпорациясы менен өнөктөштүктө курган. Инвестициянын жалпы суммасы 8,3 миллион долларды түзөт.
“Биз бул долбоор логистика, эл аралык соода жана өз ара инвестициялар жаатындагы жаңы демилгелердин негизи болоруна бекем ишенебиз. Ал ири бизнеске гана эмес, чакан жана орто ишкерлерге да пайда алып келип, жаңы жумуш орундарын түзүп, кыргызстандык ишкерлер үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт”,— деди “Бай Дыйкан”компаниясынын негиздөөчүсү Эрлист Акунбеков.
Ачылыш аземдин алкагында кампанын аймагында экскурсия өткөрүлүп, коноктор складдын инфраструктурасы жана мүмкүнчүлүктөрү менен таанышышты.
Борбордун негизги блоктору төмөнкүлөрдү камтыйт: