Кытайдын аймагындагы жер титирөө Кыргызстанда сезилди

Кытайдын аймагындагы жер титирөө Кыргызстанда 3 баллга чейин сезилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 15:24тө Кытайдын аймагында очогунда күчү 4,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Бедел айылында (Бедел айылынан 32 чакырым түштүкө, Кумтөр кенинен 85 чакырым түштүк-чыгышта, Каракол шаарынын 140 чакырым түштүкө) 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

25 Апрель 2024 жыл 17:05
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча