Кызыл-Кыяда 4 эм төрөлдү .Бирөөсү чарчап калды

Ош облусундагы төрөтканада кызыл-кыялык келин Дильноза Сайдорипова 4 эмди жарыкка алып келди. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, келин ай-күнүнө жетпей, операция менен төрөгөн. Ал 2 уул, 2 кызды жарыкка алып келген. Тилекке каршы 1 кызы чарчап калган. «Келин 19-октябрда төрөгөн. Бир баласынын тону жатындан ажырап, кыйналып калган экен. Чарчап калды. Ал эми калгандарынын абалы жакшы. Эне өзү бага алган учурга келип, бүгүн төрөтканадан чыгарылды»,- деди жетекчи.

6 Ноябрь 2023 жыл 15:04
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча