Кызыл-Кыяда милиция «Сапат» лицейинин окуучусу сабалган ишти иликтеп жатат

“Сапат” билим берүү мекемеси Кызыл-Кыя шаарындагы Исхак Раззаков атындагы лицейде мугалим окуучуга кол көтөргөн окуя тууралуу билдирүү таратты. Териштирүү жүрүп, тасмада окуучуларга күч колдонгон мугалим менен лицейдин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары жумуштан алынганын билдирди.

Ал эми директордун жоопкерчилиги “Сапаттын” башкы башкармалыгынын педагогикалык чукул жыйынында каралары жазылган.

“Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин жетекчилиги балага кол көтөргөн педагогдун туура эмес аракеттеринен жабыр тарткан окуучулар менен алардын ата-энесинен кечирим сурайт. Балага кол көтөрүү эч качан акталбайт жана биздин билим берүү мекемебизде буга жол берилбейт”, — деп жазылган түшүндүрмөдө.

Баткен облустук милициясы окуя каттоого алынып, текшерүү иштери башталганын кабарлады.

Милициянын маалыматына караганда, окуя 22-январда кечинде болгон. Интернетке тараган тасмада мугалим экени айтылган адам жатаканада окуучуларга күч колдонуп, сабаганын көрүүгө болот.

25 Январь 2024 жыл 13:03

Тема боюнча