Бишкек шаарынын Түндүк айланма жолуна баруучу Лебединовка – ГЭС-5 унаа жолунун 0-360-метрге чейинки аралыгы убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, унаа жол көпүрөнү кеңейтүү жана жолду модернизациялоо иштерине байланыштуу 15-февралдан 20-апрелге чейин жабылды.
Учурда көпүрөнүн эки тарабындагы эски темир тосмолорду демонтаждоо, эски асфальтты сүрүп тазалоо, электр жана байланыш линияларын коопсуз жерге жылдыруу жана жер жумуштары аткарылууда.
Белгилей кетсек, Лебединовка – ГЭС-5 автожолунун жалпы узундугу 5,1 чакырымды түзөт. Реконструкция иштеринин алкагында жолдун категориясы өзгөрүп, 2 тилкеден 4 тилкелүү болуп кеңеет. Ошондой эле долбоордо жарыктандыруу, учурдагы чоң көпүрөнүн эки тарабынан тротуар жана жөө жүргүнчүлөр үчүн көпүрө куруу каралган.