Ленин бир мандаттуу округунан кайра шайлоо болушу мүмкүн 

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров эгер Ленин районунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дамира Ниязалиева тарабынан добуш сатып алуу аныкталса андан ары эмне болорун түшүндүрдү.

Ал билдиргендей, мыйзамга ылайык, талапкер тарабынан мыйзам бузуу аныкталса шайлоо жокко чыгарылышы мүмкүн.

«Дагы бир норма бар, эгерде талапкер алган добуштар добуш берүүгө катышкандардын 30%дан ашыгын түзсө, анда шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылышы мүмкүн. Ал эми БШК бир айдын ичинде кайра шайлоону дайындайт», — деди ал.

Эскерте кетсек, алдын ала маалымат боюнча Ленин бир мандаттуу округу боюнча шайлоодо Дамира Ниязалиева жеңишке жеткен. Ал 6 миң 242, же 35,83% добуш алган.

Шайлоодон кийин аудиожазуу тараган. Анда болжол менен депутаттыкка талапкер Ниязалиеванын У.Р. аттуу адам менен үгүт иштерин жүргүзүү, жарандарга 1500 сомдон тараттуу, шайлоого тартуу боюнча жарандардын тобу менен иштөө боюнча сүйлөшүп жатканын угууга болот.

Эскерте кетсек, шайлоо 28-майда өткөн. Шайлоого катталган 124 миң 908 шайлоочунун 17 миң 423ү, же шайлоочулардын 13,95%ы катышкан.

30 Май 2023 жыл 17:04

Тема боюнча