Өлкө аймагына тыюу салынган тамекини алып кирүү фактысы катталды

Тыюу салынган тамеки продукциясын өлкө аймагына алып кирүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Тактап айтканда, Кыргызстандын аймагына кирип келе жаткан унаадан 190 даана тыюу салынган түтүнсүз тамеки (снюс) продукциясы табылган.

Бул факты боюнча материалдар укуктук баа берүү жана процессуалдык чечимдерди кабыл алуу үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

22 Январь 2026 жыл 9:57
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча