Өлкөдө сасык тумоо менен ооругандардын саны кайрадан өсүүдө

Кыргызстанда курч респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоо менен ооругандардын саны кайрадан өсүүдө. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

Быйылкы жылдын 16-аптасына карата маалыматта (15-21-апрель) КРВИ жана грипп менен 4 406 адам катталганы айтылды. Бул көрсөткүч өткөн жумага салыштырмалуу 16,7 пайызга өскөн. Алардын 69,5 пайызы 14 жашка чейинки балдар экени кошумчаланды.

«Оору эң көп Бишкек жана Ош шаарларында, Ысык-Көл жана Баткен облустарында катталды. Мындан тышкары, өткөн аптада өлкө боюнча COVID-19дун үч учуру аныкталды. Алардын бири Бишкекте болсо, эки учур Ошто катталган», — деп айтылат маалыматта.

23 Апрель 2024 жыл 9:06
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча