Өлкөдө сутка ичинде 18 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
Чүй облусу – 5;
Бишкек шаары – 3;
Талас облусу – 3;
Ош шаары – 2;
Ош облусу – 2;
Баткен облусу – 1;
Нарын облусу – 1;
Жалал-Абад облусу– 1.
Тилсиз жоону өчүрүүгө 26 бөлүм тартылган. Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан 1 чыгуу болгон.