Өлкөнүн бардык аймактарында балдар лагерлерин ачуу сунушталды

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында депутаттар өлкө аймактарында балдар лагерлерин ачуу зарылчылыгын талкуулашты.

Депутат Жылдыз Садырбаева Кыргызстанда балдардын эс алуусун уюштурууга ыңгайлуу жерлер жалгыз эле Ысык-Көл менен чектелбей турганын белгиледи. Мисал катары ал Чүй облусунун Кемин районунун потенциалы чоң экенин айтты.

Ал эми депутат Медина Кайрылбекова өлкөнүн ар бир облусунда балдар лагерлерин жана реабилитациялык борборлорду ачуу керектигин баса белгиледи. Анын айтымында, ишкерлер мындай долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар, бирок мамлекеттик органдар тарабынан колдоо таппай келишет.

«Ишкерлер лагерлерди ачууну каалашат, бирок мамлекеттик түзүмдөрдөн тиешелүү жооп жана зарыл болгон көмөктү ала албай жатышат», — деди депутат.

30 Март 2026 жыл 16:39
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча