Министрлер Кабинетине караштуу “Жашыл Энергетика фонду” тарабынан өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгында энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө 213 989 100 сом инвестиция тартылат.
Жалпы 9 лот жер тилкеси сунушталып, 4 компания катышкан. Жыйынтыгында 2 лот боюнча жеңүүчүлөр аныкталды:
Лот №1: Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Салам Алик айылына 3 МВт кубаттуулуктагы чакан ГЭС курулат.
Жеңүүчү: ОсОО «Онли Групп»
Инвестиция: 90 млн сом.
Лот №7: Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Сары-Бээ айылына 2 МВт кубаттуулуктан тура чакан ГЭС курулат
Жеңүүчү: ОсОО «МТБ Инжиниринг Строй»
Инвестиция: 123,9 млн сом.
Бул долбоорлор энергетикалык көз карандысыздыкты бекемдеп, туруктуу жана экологиялык таза келечек түзүүгө өбөлгө болот.
Жашыл энергия – келечекке карай чоң кадам!