Мүлк фонду Көлбаевдин алты машинеси аукциондо сатылганын билдирди

Мамлекеттик мүлк фонду атайын операция маалында өлтүрүлгөн кримтөбөл Камчы Көлбаевге тийиштүү алты автоунаа аукциондо сатылганын бүгүн, 13-февралда «Азаттыкка» ырастады. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, эки машине кайрадан аукционго коюлду. Алардын бири BMW ALPINA XB7 үлгүсүндөгү 2021-жылы чыккан унаа. Анын баштапкы баасы мурдагыдан 4 млн сомго арзандап, 14 млн сом деп көрсөтүлгөн. Экинчиси MERCEDEC-BENZ S600 үлгүсүндөгү автомашина, баштапкы баасы 5 млн сомго жакын.

Аукциондо сатылган автоунаалар:

  • HYUNDAI GENESIS 2019 — 3 миллион 17,4 миң сом;
  • TOYOTA LAND CRUISER PRADO 2005 — 1 миллион 498 миң сом;
  • KIA RIO X-LINE 2019 — 1 миллион 241,2 миң сом;
  • BMW X6 2021 — 7 миллион 661,2 миң сом;
  • TOYOTA LAND CRUISER 100 2002 — 1 миллион 187,7 миң сом;
  • ГАЗ-21 1965 — 481,5 миң сом.

Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

Атайын кызмат ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 миллиард долларлык активдер камакка алынганын билдирген.

14 Февраль 2024 жыл 9:42
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча