Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, жети айдан бери камакта отурган Адахан Мадумаров тергөө абагынан чыкты. Аны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин алдына чогулган тарапташтары, жакындары тосуп алышты.
Буга чейин анын адвокаты Кубанычбек Туманов соттун чечимине ылайык саясатчы 26-апрелге караган түнү эркиндикке чыгарын билдирген.
26-мартта Биринчи Май райондук соту Мадумаровду коюлуп жаткан айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерген эмес. Саясатчы чечим мыйзамдуу күчүнө киргичекти абакта калтырылган. Мадумаров райондук соттун чечимине каршы шаардык сотко даттанган эмес.