Мадумаров камакта калды

Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун иши боюнча адвокаттардын апелляциялык арызын 27-декабрда карап, Биринчи Май райондук сотунун 8-декабрдагы чечимин күчүндө калтырды.

Буга чейин райондук соту Мадумаровду 9-февралга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган. Судья Мирбек Сатарбек уулу Жогорку Кеңештин 75 депутатынын саясатчыны үй камагына чыгаруу өтүнүчүн да эске алган эмес.

Бийликтин дарегине ачык сын айтып келген, парламенттеги жалгыз оппозициялык фракциянын лидери 2-сентябрда кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылууда.

27 Декабрь 2023 жыл 16:16

Тема боюнча