Махабат Тажибек кызы тил каттын негизинде эркиндикке чыкты

Айыпталуучу Махабат Тажибек кызы тил каттын негизинде сот залынан бошотулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн Ленин райондук соту айыпталуучу Махабат Тажибек кызына карата бөгөт коюу чарасын өзгөрттү.

«Соттун токтомуна ылайык, буга чейин камакка алуу түрүндө тандалган бөгөт коюу чарасы эч кайда кетпөө жөнүндө тил катка алмаштырылып, айыпталуучу сот залынан бошотулду», — деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, «Темиров LIVE» жана «Айт, айт десе» долбоорлорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы буга чейин «Массалык башаламандыктар» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 6 жылга эркинен ажыратылган болчу.

23 Март 2026 жыл 15:17
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча