Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөсү Акжол Махмудов команданын машыктыруучулар штабынын отставкага кетүүсү боюнча пикирин билдирди.
«Бул чечим жеке мен үчүн көптөгөн суроолорду жаратты. Бул кабар жүрөгүмө оор тийгенин мойнума алам. Урматтуу Азат Эркинбаев, Улукбек Карачолоков жана Арсен Эралиев, сиздердин жетекчилигиңиздердин алдында машыгуу мен үчүн чоң сыймык болду. Менин спортчу жана адам катары калыптанышыма кошкон эбегейсиз салымыңыздар үчүн сиздерге чын дилимден ыраазычылык билдиргим келет. Сиздердин эмгегиңиздер баа жеткис жана мен сиздердей машыктыруучуларым болгонуна сыймыктанам», — деп жазды.
Буга чейин Азат Эркинбаев, Улукбек Карачолоков жана Арсен Эралиев өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Алардын ордуна Уран Калилов башкы машыктыруучу, Азат Бейшебеков улук машыктыруучу, Атай Замирбеков 23 жашка чейинки спортчулардын курама командасынын машыктыруучусу болду.