Май айында өлкөдө күн адаттагыдан тыш ысып, абанын табы +37 градуска чейин жетет.
Температура мурдагы жылдардан 1-3 градуска жогорулап, жаан-чачын аз болот.
Чүй облусу — түнкүсүн +6дан +21ге чейин, күндүз +22ден +37ге чейин чыгат. Айрым күндөрү +10…+15 градуска төмөндөйт
Талас облусу — түнкүсүн +2ден +17ге чейин, күндүз +21ден +36га чейин ысыйт. Айрым күндөрү +15…+20ге чейин төмөндөшү ыктымал
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында — түнкүсүн +7ден +22ге чейин, күндүз +23ден +37ге чейин болот. Айрым күндөрү +17…+22ге чейин төмөндөйт
Ысык-Көл облусу — түнкүсүн +2ден +15ке чейин, күндүз +14төн +29га чейин чыгат
Нарын облусу — түнкүсүн +1ден +14кө чейин, күндүз +15тен +30га чейин болот. Айрым күндөрү +9…+14кө чейин төмөндөйт.
@Sputnik_Kyrgyzstan_KG