Африкада эпидемияга айланган маймыл чечеги (Mpox) оорусу алгачкы жолу бул өлкөдөн тыш аймакта да катталды. Швециянын Саламаттык сактоо министрлиги денени калтырак басып, ыйлакча каптаган бул инфекцияга чалдыккан киши ооруну Африкага барганда жуктуруп алганын, ага Стокгольм шаарындагы ооруканада медициналык жардам көрсөтүлүп жатканын маалымдады.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) илдетке чалдыккандар Европа аймагында “жакынкы күндөрү” каттала башташы ыктымал экенин эскертти. Жакында аталган уюм Африкадагы Mpox эпидемиясын эл аралык маанидеги өзгөчө кырдаал деп жарыялаган жана азыркы катталып жаткан штамм кооптуураак экенин белгилеген.
Быйыл жыл башынан бери Конго Демократиялык Республикасында Mpox инфекциясы 14 000ден ашуун адамда катталды. 524 киши каза болду. Оору Борбордук Африка Республикасында, Кенияда, Руандада жана Африканын башка өлкөлөрүндө да катталууда.
2022-жылы ДССУ расизмге жана стигматизацияга каршы күрөшүү үчүн маймыл чечегинин анлисче аталышын «Monkey pox» деген сөздөн Mpox деп кыскартып, расмий жарыялаган.