Майрам күндөрү Бишкек автобекетинде каттамдардын саны көбөйөт

Майрам күндөрүнө карата Бишкек автобекетинде каттамга чыккан унаалардын саны көбөйөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш күндөрү Ысык-Көл жана Нарын багыттарына 100гө чукул унаа чыкса, майрам күндөрү бул көрсөткүч 2 эсе өсөт.

Бишкек шаарындагы автобекет эртең мененки саат 07:00дөн кечки 23:30га чейин иштейт.

Күндүзгү убакыт 07:00дөн 19:00гө чейин Нарын жана Ысык-Көл багыттарына негизинен кичи автобустар каттайт.

Ал эми кечки 21:00дөн 23:30га чейинки аралыкта, аталган багыттар боюнча автобустардын каттамдары уюштурулуп, Ысык-Көл облусуна — 5, Нарын облусуна — 1 автобус каттайт.

Ошондой эле Алматы, Тюмень, Кашкар жана Артуш эл аралык каттамдары туруктуу иш алып барууда.

Мындан тышкары, батыш багытын тейлеген Ак-Кула автобекетинде Талас облусуна жана Ташкент, Жизак эл аралык чоң автобустук каттамдары иш алып барууда.

Белгиленгендей, сезондук каттамдар каралды. 15-майдан 15-октябрга чейин Ысык-Көл, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен багыттары боюнча кичи автобус каттамдары да ишке киргизилет.

29 Апрель 2026 жыл 17:13
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча