Маматалиев: «Формула-1» чемпионатынан экологияга зыян келбейт

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев жыйындын алдында Ысык-Көлдө өтө турган UIM F1H2O «Формула-1» суу үстүндөгү дүйнө чемпионаты тууралуу коомчулукта жаралган суроолорго жооп берди.

Төрага өз сөзүндө акыркы убакта бул маселе боюнча ага көптөгөн кайрылуулар түшүп жатканын белгилеп, эл аралык иш-чаранын айлана-чөйрөгө тийгизүүчү таасири тууралуу кеңири маалымат берди.

«Аталган чемпионат дүйнө жүзүндө, анын ичинде АКШ, Европа жана БАЭ сыяктуу өлкөлөрдө өткөрүлүп келет. Кайда уюштурулбасын, ал заманбап экологиялык талаптарга толук жооп берет. Тийиштүү министрликтер мелдешке колдонулуучу техникалардын көлгө эч кандай зыяны жок экенине ишендиришти. Бул иш-чара тескерисинче, өлкөнүн туристтик потенциалын дүйнөгө таанытуу үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Ошондуктан тынчсызданууга негиз жок», — деди ал.

Ошондой эле ал мелдешти өткөрүүдөн мурда айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо боюнча атайын экологиялык экспертиза толук жүргүзүлөрүн кошумчалады. Төрага бул маселеге кызыкдар болгон эл өкүлдөрү үчүн экологдордун жана министрликтин катышуусунда кошумча талкууларды уюштурууга даяр экенин билдирди.

Мындан сырткары, Марлен Маматалиев парламенттин Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо багытындагы буга чейинки иштерине токтолду.

«Жакында эле бир топ депутаттар жана ӨКМ кызматкерлери менен биргеликте Ысык-Көлдү таштандылардан жана мыйзамсыз торлордон тазалоо иштери менен жеринде тааныштык. Соңку жылдары 6 миң чакырымга жакын мыйзамсыз тор алынган. Учурда жалпы эле суу сактагычтарды жана көлдөрдү коргоо боюнча жазылган жаңы, күчөтүлгөн мыйзам долбоору коомдук угууда турат. Буга чейин көлдө майы агып кете турган эски техникаларды колдонууга тыюу салган, Европа стандарттарына шайкеш келген экологиялык таза техникаларды гана киргизүү боюнча мыйзам кабыл алынган», — деди ал.

Төрага келечекте Кыргызстанда тийиштүү инфраструктура курулса, «Формула-1» автоунаа мелдешин да өткөрүү туура демилге болорун белгиледи.

28 Май 2026 жыл 13:33
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча