Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Россияга болгон расмий иш сапарынын алкагында РФ Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.
Жолугушууда тараптар саясий-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды, ошондой эле парламенттик дипломатияны өнүктүрүү келечегин талкуулашты. Төрага Марлен Маматалиев Жогорку Кеңеш менен Федералдык Жыйын эки тараптуу комиссиялардын жана эл аралык уюмдардын алкагында жигердүү иштешип жатканын белгиледи.
«Бизде мүмкүнчүлүктөр өтө көп. Энергетика, инвестиция, транспорт, өнөр жай жана айыл чарба сыяктуу артыкчылыктуу тармактарда кызматташтыкты тереңдетишибиз керек», – деди төрага.
Марлен Маматалиев кыргызстандык мигранттардын укуктарын коргоо боюнча бир катар актуалдуу маселелерди көтөрүп, төмөнкү сунуштарга токтолду:
Ал эми Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин эки өлкөнүн алакасындагы оң динамиканы өлкө башчылары аныктай турганын белгилеп, парламенттер жетишилген макулдашууларды мыйзамдык жактан колдоого тийиш экенин айтты.
«Өткөн жылы эле товар жүгүртүүнүн көлөмү 25 пайызга өстү. Россия Кыргызстандын негизги өнөктөштөрүнүн бири. Биз ар дайым ачык диалог аркылуу биргелешкен чечимдерди табууга даярбыз», – деди В. Володин.
Жолугушуунун жыйынтыгында Вячеслав Володин тиешелүү ведомстволордун жетекчилерине Марлен Маматалиев тарабынан көтөрүлгөн маселелер боюнча конкреттүү чечимдерди иштеп чыгууну тапшырды.