Мамкурулуштун кызматкерлери ишембилик өткөрүштү (сүрөт)

Бүгүн, 23-мартта Мамлекеттик курулуш агенттигинин кызматкерлери ишембилик өткөрүштү.

Ишембиликке Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчилиги менен жамааты катышышты.

«Ишембиликтин алкагында борбор шаарыбыздын Чортеков/Айни көчөлөрүнүн кесилишинен баштап Ахунбаев көчөсүнө чейин жолдун айланасындагы чачылган таштандыларды, арыктарды толтурган ар кандай зыяндуу чөптөрдү тазалашты.

Жаздын келишин улай, Мамкурулуштун регионалдык башкармалыктары дагы ишембиликке активдүү катышарын айта кетебиз»,-деп айтылат маалыматта.

23 Март 2024 жыл 21:30
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча