
Социалдык коргоо кызматы Болот Темировдун уулу боюнча кызматтык ишин баштады.
Бишкектин Биринчи Май райондук социалдык коргоо башкармалыгы Махабат Тажибек кызы менен Болот Темировдун жашы жете элек уулуна байланыштуу документтерди чогулта баштады. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына адвокат Улан Сейитбеков билдирди.
Эске сала кетсек, 2024-жылдын 10-октябрында Бишкектин Ленин райондук соту иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажибек кызын алты жылга эркинен ажыраткан.
Ошол эле учурда сот балдарды коргоо органдарына Болот менен Махабаттын 12 жаштагы уулдарынын мындан аркы жайгашкан жерин аныктоону жана тактоосун жана баланын физикалык жана психологиялык жактан жетиштүү билим алгандыгын көзөмөлдөөнү милдеттендирген.Махабат Тажибек кызы “Массалык баш аламандыкка” айыпталып 6 жылга соттолгон.
Журналист Болот Темиров 2022-жылдын октябрында Кыргызстандын жарандыгынан ажыратылгандан кийин Кыргызстандан чыгарылган.