Мамлекеттик кызматкерлер арасында триатлон боюнча «Жаңы жол» реалити-шоусу уюштурулат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Спорттук иш-чара Триатлон федерациясы менен биргеликте уюштурулат.
Кыргызстанда алгачкы жолу өткөрүлүп жаткан бул долбоорго мамлекеттик кызматта же бюджеттик уюмдарда иштеген, спорттук разряддары жок жана мурда профессионалдык деңгээлде спорт менен машыкпаган 10 кызматкер тандалып алынат.
Катышуучуларга чуркоо, сууда сүзүү жана велосипед тебүү боюнча машыгуулар уюштурулат.
Бул кандай долбоор?
Бул — мамлекеттик кызматкерлердин спорттук өзгөрүүсүн көрсөткөн реалити-шоу. Сизди 6,5 ай бою кесипкөй машыктыруучулар машыктырат, ал эми сиздин жетишкендиктериңизди бүт өлкө телекөрсөтүү же интернет аркылуу көрүп турат.
Катышуучулар 13-сентябрдагы триатлон боюнча Азия кубогуна катышып, маарага жетиши керек.
Кимдер катыша алат?
Уюштуруучулар эмне менен камсыздайт?
Кантип катышуу керек?
Катышуучулар жумасына кеминде 3 жолу, 2 сааттан кем эмес машыгууга убакыт бөлүүгө тийиш.