Жогорку Кеңештин депутаты Талантбек Мамытов добуш сатып алууга байланыштуу мандатынан ажыраган Өмүрбек Бакиров тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматын угууну сунуштады. Ал бул маселе парламенттин 13-сентябрда көтөрүлгөнү менен күн тартибине кирбей калганын белгиледи.
«Маалымат алып койсок эч качан ашыкча болбойт. Депутат жөнүндө, депутаттын статусу жана мыйзамдардын аткарылышы жөнүндө сөз болуп жатат. Ушул жерге БШКны чакырып, жүйөсүн, себептерин угуп, пикир алмашсак жакшы болот эле», — деди Мамытов.
Спикер Нурланбек Шакиев парламенттин регламенти боюнча фракциянын чечими керек деген жүйөнү айтып, маселе отурумдун күн тартибине киргизилген жок.