«Манас» эл аралык аэропортуна бомба коюлганы тууралуу маалымат тастыкталган жок, аэробекет штаттык режимде иштеп жатат.
Чүй облустук милициясынан билдиришкендей, бүгүн, 22-майда саат 13:50дө милицияга аэропорттун электрондук почтасына «Бабах в 15.00» деген текст менен билдирүү келген.
Аталган факты милицияда каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Жерине Чүй облустук жана Сокулук райондук ыкчам-тергөө тобу барып, аэропорттун аймагы курчоого алынып, кызматкерлер жана жүргүнчүлөр эвакуацияланган.
ИИМ жана УКМКнын кызматкерлери биргеликте зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүшүп, аталган маалымат тастыкталган эмес.
«Учуп кетүү жана учуп келүү боюнча каттамдар кармалган жок, азыркы учурда аэропортту курчоо алынып, штаттык режимде иштеп жатат», — деп айтылат маалыматта.