«Манас» аэропортунун жаңы терминалы 2026-жылы ачылат

Күн мурун курулуш министри Нурдан Орунтаев жана “Кыргызстан аэропорту” ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов “Манас” эл аралык аэропортунун жаңы аэровокзалдык комплекси боюнча курулуш иштеринин жүрүшүн текшеришти.

Министрликтен билдиришкендей, мониторинг учурунда долбоордун негизги этаптары, курулуштун ылдамдыгы, сапаты жана курулуштун мөөнөт тартиби боюнча маселелер талкууланды.

Жаңы комплекс эл аралык талаптарга жооп берген, кенен жана технологиялык шарттагы терминал болуп, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт. Заманбап аэровокзалды 2026-жылдын жайында пайдаланууга берүү пландалууда.

Учурда курулушка байланыштуу аэропорттун имаратына жүргүнчүлөр гана кире алат.

6 Октябрь 2025 жыл 10:35
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча