Мандаты алынган депутаттардын ордуна Маматов менен Абакиров келиши мүмкүн

Жогорку Кеңештин депутаттары — Фархад Исмаилов менен Фарходбек Алимжановдун жогорку билим алгандыгы боюнча диплому жасалма деп табылып, БШКнын чечими менен мандатынан айрылды.

Эми алардын ордуна «Ата Журт Кыргызстан» жана «Альянс» партиясынын тизмесиндеги кезектеги талапкер парламентке келет.

«Ата Журт Кыргызстан» партиясынан Канатбек Маматов келиши мүмкүн.

Ал эми «Альянс» фракциясынын катарына Элдар Абакиров кошулушу күтүлөт. Белгилей кетсек, ал 2016-2019-жылдары экономика министринин орун басары болуп иштеген.

7 Июль 2023 жыл 13:17
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча