Катуу жаан-чачындын кесепетинен улам пайда болгон суу ташкыны Атлантика жээгинде, Рабаттан 330 чакырым түштүктө жайгашкан Марокконун Сафи провинциясында кеминде жети адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу Марокконун MAP маалымат агенттиги билдирди, деп жазат ТАСС.
Маалыматка ылайык, кеминде 20 адам жаракат алып, ооруканага жаткырылган. Аймакта куткаруу жана дайынсыз жоголгондорду издөө иштери уланууда.
Бороон провинциянын борбору Сафи шаарына чоң зыян келтирген. Кеминде 70 турак жай жана дүкөндөр суу астында калган, ошондой эле жолдор да бузулган.