Мас абалында аялын сабаган жаран кармалды

Баткен облусуна караштуу Лейлек районунда мас абалында аялын ур-токмокко алган жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө караганда, Ак-Арык айылынын 31 жаштагы тургуну зордук-зомбулук көрсөткөн күйөөсүно карата чара көрүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган.

Арыз Лейлек РИИБдин КБРне катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Жабырланган аялга коргоо ордери берилип, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Арыз ээсине кол көтөргөн жолдошу убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

19 Январь 2024 жыл 9:09

Тема боюнча