Мастарды медициналык мекемеге мажбурлап жеткирүүгө уруксат берүү сунушталды.
Тиешелүү мыйзам долбоорун Юстиция министрлиги коомдук талкууга чыгарды. Документте айланасындагыларга коркунуч туудурган жана бутуна тура албай калса наркологиялык жардам көрсөтүү үчүн мажбурлап жеткирүүгө болору жазылган.
Ошондой эле мажбурлап жеткирилгенден кийин тиешелүү протокол түзүлүшү керек.
Буга чейин ИИМге мастарды кармоого жана атайын жайларга алып барууга укук берүү сунушталган. Андай жайларды жергиликтүү бийлик уюштурушу керек.