Матраимов 26-апрелге чейин камакка алынды

27-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Миран Шерматов Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бөгөт чарасын карап, 26-апрелге чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайында камакка алды.

Мурдагы бажычы өзү жана адвокаты коюлуп жаткан айып тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты.

Атайын кызмат эл аралык издөөдө Райымбек Матраимов жана анын бир туугандары Тилек, Руслан, Исламбек Матраимовдор 26-марттаАзербайжандын борбору Баку шаарынан Бишкекке алынып келгенин билдирген. Мурдагы бажычынын туугандарынын бөгөт чарасы 27-мартта Ош шаардык сотунда каралып жатат.

Атайын кызмат Райымбек Матраимов “мыйзамдагы ууру” Камчыбек Көлбаев (Камчы Асанбек) менен тыгыз байланышта болуп бажы кызматынын кызматкерлеринен жана мамлекеттик ишмерлерден турган кылмыштуу топ түзгөнүн кабарлаган.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси (“Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу”) жана 222-беренеси (“Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

27 Март 2024 жыл 17:39
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча