8-январда Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун Оштогу Супаналиев көчөсүндөгү үйүнүн тосмосун бузуп жатат.
Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары Максатбек Орозалиевдин айтымында, Матраимовдун үйүнүн тосмосунун 9 метри муниципалдык жерге тиешелүү. Калаа бийлиги короону курчаган дубалды алуу тууралуу былтыр декабрдын аягында эскертүү берген.
Мурдагы бажычынын үйүнөн эч ким комментарий берген жок.
Буга чейин эркин журналист Ыдырыс Исаков Матраимовдун үйүнүн короосу муниципалдык жерге кирип кеткени тууралуу видео жарыялаган.