Мектептеги токмоктон көз жумганы айтылган окуучунун сөөгүнө эксгумация жасалды

Бишкектеги №72 мектепте токмоктон каза болгону айтылган окуучунун сөөгүнө эксгумация жасалды. Бул тууралуу маалыматты маркумдун атасы Дөөлөт Айтбаев «Азаттыкка» тастыктады.

«Биз балабыздын мектептеги токмоктон өлгөнүн ал жерге берилгенден кийин билгенбиз да. Колубуздагы уулумдун телефонуна келген коркутуп-үркүткөн ауидожазууларды, классташтарынын көрсөтмөлөрүн милицияга бергенбиз. Ошондуктан, тергөө анын чындыгында токмоктон каза болгонун аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындаган. Кечээ атайын эксперт дарыгерлер барып, эксгумация жүргүзүштү. Жыйынтыгы бир айда чыгат экен», — деди Айтбаев.

21-январда Бишкектеги №72 мектептин дааратканасында сабалганы айтылган 8-класстын окуучусу 4-февралда ооруканада көз жумган. 15 жаштагы Аннас Айтбаевдин ата-энеси милицияга 10-февралда кайрылган. Алар уулу 21-январда мектептин дааратканасында сабалгандан кийин эс-учун жоготуп, Улуттук кардиология борборуна жаткырылганын жана эки жумадан кийин эсине келбей каза болгондугун билдиришкен. Баланын ата-энеси кылмышты жаап-жашырууга аракеттенген деп мектептин жетекчилигин, өспүрүмдөр менен иштеген инспекторду да жоопко тартууну талап кылып жатышат.

Ленин райондук ички иштер бөлүмү факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси («Ден соолукка оор залал келтирүү») жана 208-беренеси («Опузалап талап кылуу») менен кылмыш ишин козгоп, тергөө иштерин Бишкек шаардык милициясынын Тергөө кызматы жүргүзүүдө.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы Аннастын өлүмүнө шектүү катары ушул эле мектептин окуучусун кармаган.

Бул окуя боюнча тергөө иши Башкы прокуратуранын көзөмөлүнө алынганы кабарланган.

Кыргызстанда өспүрүмдөрдүн чатакташуусунан, мектептеги чоңсунуудан улам балдардын өлүмү менен коштолгон окуялар көбөйүп жатат. ИИМдин маалыматына караганда, 2024-жылы балдар өлүмү менен коштолгон өспүрүмдөрдүн эки мушташы катталса, 2025-жылдын башынан берки 1,5 айда үч окуя катталды. Бул иштер боюнча тергөө жүрүп жатат.

20 Февраль 2025 жыл 18:19
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча