Мэрия шаар тургундарын бир катар эрежелерге баш ийиш керектигин эскертет

Августтун аягында Бишкек шаардык кеңеши борбор калааны көрктөндүрүү эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизген эле.

Мэрия ага ылайык шаардын бардык тургундары төмөнкү эрежелерге баш ийиши керектигин эскертет: 

▪️Таштандыны саат 19.00дөн 24.00гө чейин гана ыргытууга уруксат берилет;
▪️Таштанды контейнерлеринин жанына унааны токтотууга болбойт;
▪️Унааны газондо, өсүмдүктөр отургузулган жашыл тилкелерге токтотууга болбойт;
▪️Дүкөндөр менен соода борборлору товарларын саат 19.00дөн 07:00гө чейин түшүрүп алышы керек.

29 Октябрь 2024 жыл 17:09
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча