Мэрияга туура эмес токтотулган унааларды эвакуациялоо укугун берүү сунушталды

Бишкек мэриясы борбор калаа аймагында автоунааларды эвакуациялоо ишин жүргүзүүгө укук берүүнү суранууда.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин токтом долбоору 1-ноябрда коомдук талкууга коюлду.

Анда Бишкекте күн сайын 400 миңге жакын унаа каттап, жол тыгындары көп болуп жатканы үчүн кошумча чараларды көрүү муктаждыгы бар экени жазылган. Тыгынды пайда кылган себептердин бири автоунаалардын иретсиз токтотулганы белгиленип, мындай шартта тез эвакуациялоо керектиги айтылган.

Ошого байланыштуу мэриянын муниципалдык ишканасына туура эмес токтотулган унааларды эвакуациялоо укугун берүү сунушталган.

Азыркы токтом боюнча борбор калаадагы туура эмес токтотулган автоунааларды эвакуациялоо иштерин бир гана Ички иштер министрлигинин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы гана аткара алат.

11 Ноябрь 2024 жыл 15:03
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча