МИК өлкө боюнча 80 миңден ашуун батирди куруп жатат


Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине курган маегинде «Кыргызстан элет жеринде да шарты бар турак жайларды курууну көздөп жатканын, мындай миссия Мамлекеттик ипотекалык компанияга жүктөлгөнүн» айтты.

Жапаровдун белгилешинче, 2026-жылы республика боюнча 20021 батирди пайдаланууга берүү пландалууда.

Ага ылайык, Бишкекте 6 323, Чүйдө 3 129, Манаста 3 219, Ысык-Көлдө 2 266, Ош облусу 1 458, Ош шаарында 1 454, Баткенде 1 420, Нарында 433, Таласта 319 батир бүткөрүлөт.

Учурда республика боюнча жалпы аянты 5,4 млн чарчы метр 80 245 батир курулуп жатат.

«МИКтин программасы аркылуу 10–15 жыл ичинде бүткүл айыл жергелеринде да Европадагыдай шарттары бар заманбап турак жайларды куруп берүүнү максат кылдык. МИКке дал ушундай тарыхый миссия жүктөлгөн. Эгер МИК үстүнө акча кошпой бере берсе, анда келечекте бул миссияны аткара албай калат», — деген Жапаров.

5 Январь 2026 жыл 15:35
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча