
Милициянын майору Мырзабек Тороев үч эм уулду болду. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Ички иштер министрлигинин Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн ыкчам иштер боюнча орун басары, милициянын майору МырзабекТороев үч эм уулду болду.
Мырзабек Тороев 19-апрелде жарыкка келген ымыркайларына Амантай, Эртай, Эсентай деген ат койгон.