Милиция аялына өчөшүп баласын сабаган кишини тапты. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин интернетте эркек киши кичинекей баланы коркутуп, cөгүп-сагып, караңгыда эшикке чыгарып койгон видео тараган.
Киши баланын “уйкум келди” дегенине карабай “апаңа өчөшүп сени күндө урам” деген.
Милиция окуядан кийин Алайдан 39 жаштагы кишини кармады. Ал Россияда жүргөн аялы менен уруша кеткенин, аны коркутуу үчүн баласын урушуп видеого тартып жөнөткөнүн айтып берген. Милиция сурак жүргүзүүнү, текшерүүнү улантууда.