Токтогул милициясы мал уурулукка шектелген кылмыштуу топту кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Токтогул РИИБге 78 жаштагы район тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2024-жылдын 30-январына караган түнү саат 02:30 чамасында короосундагы мал сарайынын кулпун белгисиз кылмышкерлер бузуп кирип, ичинде байланып турган базар баасы 90 000 сомдук бир баш бодо малын уурдап кетишкенин билдирген.
Бул окуя Токтогул РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-1-беренесинин (Мал уурдоо) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон.
Токтогул районунун аймагында өтүп жаткан “Чөнтөк уурулук” жана “Мал уурулук — веткөзөмөл” операциясы учурунда жогорудагы кылмыш ишинин бети ачылган. Токтогул милициясы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектүү катары Токтогул районунун 2002-ж.т. тургундары Р.М., А.Р. жана М.А. кармалып, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Алардын баш коргоо чарасы 4-февралда Токтогул райондук сотунда каралып, 1 айлык мөөнөткө камакта калтыруу бөгөт чарасы тандалып алынган. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Р.М. мурда тоноо фактысы менен соттолгону белгилүү болгон.
Учурда тергөө амалдары уланууда.