Милиция Ноокендеги жайыттан мал уурдап жүргөндөрдү кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Россия Федерациясында “Каракчылык” беренеси менен соттолуп, бүгүнкү күндө өз жазасын Бишкек шаарынын Беловодский айылындагы Жаза аткаруу мекемесинде (ЖАМ) жазасын өтөп отурган Ноокен районунун тургуну 1992-ж.т. С.О. сырттан тааныш болгон Таш-Көмүр шаарынын 2004-ж.т. тургундары А.К., М.Б., Э.Н. жана балдар менен “Ватсап” социалдык тармагы аркылуу байланышып, биргелешип, 2023-жылдын 2-декабрга караган түнү Ноокен районунун Кудук-Сай айылынын жайытында бош жүргөн 2 баш бодо малды уурдап кетишкен.
Андан кийин ЖАМда отурган С.О. “Ватсап” группалары аркылуу жүк ташуучу автоунааны Таш-Көмүрдөн Ошко мал жеткирүү үчүн буюртма кылып, айдоочуга жолдон инилери тосуп алаарын айтат. 2023-жылдын 4-декабрына караган түнү Бишкек шаарынан келе жаткан жүк ташуучу автоунаага А.К., М.Б., жана Э.Н. жайыттагы короонун ичиндеги бир нече малдын арасынан 8 баш бодо малды тандап алышып, Ош облусунун Араван районуна жеткиришкен.
Бул окуялар боюнча топтолгон материалдар Ноокен РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Жалал-Абад ОИИБдин жана Ноокен РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкелеринин тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында 2 баш мал Аравандан, 1 баш мал Сузак районунун мал базарында сатылып, Ноокен районунун Ак-Бата мал базарынан табылып, ээлерине кайтарылып берилген. Кылмыш ишине шектүү катары Таш-Көмүр шаарынын 2004-ж.т. тургундары А.К., М.Б., Э.Н. кармалган.
Ал эми Жаза аткаруу мекемесинде жазасын өтөп отурган Ноокен районунун тургуну 1992-ж.т. С.О. Ноокен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына этап менен киргизилген.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.