Министр акыркы коңгуроо учурунда окуучулардын коопсуздугун камсыздоону тапшырды 

Бүгүн билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева балдардын коопсуздугу боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Жыйын министрдин орун басары Муратбек Касымалиев, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрү жана башкармалыктарынын жетекчилеринин катышуусунда онлайн өткөрүлдү.

Анда министр ар кандай иш-чараларды билим берүү уюмдарынын аймагында гана өткөрүүнү жана балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу керектигин айтты.

Ошондой эле Догдуркүл Кендирбаева башкармалык башчыларына 12 жылдыкка өтүү боюнча пландарын иштеп чыгууну, ар кандай акча жыйноолорду токтотууну, мектепке чейинки билим берүүнү 40% жеткирүү боюнча иштерди алып барууну, “Акыркы коңгуроо” салтанатында жана “Алтын тамга”, Жалпы республикалык тесттерин өткөрүүдө коопсуздукту кароону тапшырды.

10 Май 2024 жыл 18:22
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча