Министр Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолунун курулушун тездетүүнү тапшырды

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев жумушчу сапары менен Ысык-Кɵл облусуна барды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Жумушчу сапарынын алкагында министр «Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол» унаа жолун реконструкциялоо долбоорунун негизинде жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышып, 87-140-чакырымдарда аткарылып жаткан иштер жана көпүрөлөрдүн курулушун текшерди.

Министр курулуш сезону башталгандан тартып жол иштерин ылдамдатуу, белгиленген мөөнөттөн кечиктирбей жана сапаттуу бүтүрүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары, транспорт министри жооптуу кызматкерлерге жол курулушунун сапатына өзгөчө көңүл буруу жана объекттерди белгиленген мөөнөттө пайдаланууга берүү боюнча так тапшырмаларды койду.

23 Февраль 2026 жыл 15:07
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча